Arabian Center Employment Services

Айбек Асанбек уулу

Мы гордимся нашими кандидатами.  Один из них Айбек Асанбек уулу. В настоящее время он работает в крупной компании Qatar Duty Free, успешно прошел собеседование, подписал контракт и достойно представляет нашу страну.

Гулькаир Раимкулова взяла интревью у Айбека на кыргызском языке.

Кыргыз, орус, түрк, англис, инди тилдеринде эркин сүйлөйт жана испан тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандыгын айтат.

Айбек Асанбек уулу Токмоктогу Себат түрк лицейин аяктаган. Андан кийин Бишкек шаарындагы "Ататүрк Ала-Тоо" жана БГУ жогорку окуу жайларынан билим алган. Кесиби мерчендайзер. Кыргыз, орус, түрк, англис, инди тилдеринде эркин сүйлөйт жана испан тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандыгын айтат. Ал эми учурда Катар мамлекетинде иштеп жүрөт. Мекенинен узак жүргөн мекендешибиз менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

aibek-asanbek-uulu2

- Айбек мырза, эмне жумуш менен алектенесиз?

Азыр жумушум туруктуу. Аэропортто иштейм. Ал жакта сатылуучу буюмдарды толуктап, буюрутма берип турам.  Менин иштеген ширкетим дүйнө жүзүндө Скайтрекс 2011- 2012 жылдары алдыңкы орунун алып жана 2014- жылдын орунун алуу аркетин көрүп жатат. Учурда 17 миллиард доллар каржылап салган жаңы аэропорту толугу менен ишке киргизип жатабыз. 30 000 ден ашык жумушчу бар.  Жумушуна ыраазы болуп иштегендерди ушул жерден тапса болот.

- Кыйынчылык жокпу?

- Эч кыйынчылыгы жок. Кудайга шүгүр, каражат жактан да эч кыйналган жокмун .

aibek-asanbek-uulu3

- Эмне үчүн Кыргызстанда иштегиңиз келген жок?

- Иштегим келет . Бирок, кырдаал тагдырын чече турчу орундар тааныш жана коррупция маселесин камтып , терең тамырын жайылтып салган. Ал эми каршы иштегендер бул иш менен күрөшүү жолун билбейт же ошолордун эле катардагылар болуп эсептелет. Албетте, кыргыз болгондон кийин тамырым тартып, абасын эңсеп турам. Алдыга койгон максаттарга байланыштуу өзүмө туура чөйрө, билим байлыгын толуктагым келди.

- Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

- Кыргызстандын келечеги абдан татаалдашып калган, жакын арада күркүрөп өсүүсү, экономикалык алмашууларга көз жетпейт. Балким 50 жылдан кийин өзгөрүүлөр болуп калаар. Бирок, ага чейинкилери бир мүнөзгө ээ болбойт.

aibek-asanbek-uulu4

- Буга бийликти күнөөлүү деп ойлойсузбу?

- Биздин бийликти күнөөлөп болбойт, себеби алардын билимдеринде, жүрүм-турумдарында азыркы коом менен байланышы жок калган. Бир гана өздөрү бири-бирин сыйлашып келет. Ошон үчүн ушундай биримдик менен азыркыга чейин орундарын жоготпой келет . Азыркы мезгилде кандай болбосун, менин ишеничим бийликтегилерде эмес . Өзүбүздүн күчүбүз, максаттарыбызда. Бирок, кандай аракет кылбайлы Кыргызстанда жеке ишкерлерге каршы көп тескери иштер жүргүзүлчү болду. Жөн эле алма сатсаң дагы ошого ар кайсы мекемелерден негизсиз эле текшерип келе беришет. Бирок, алгач текшерээрдин алдында сизге шарт түзүп бериш керек да, туурабы? Алардын милдеттери талап- тоноо эмес да.. Менин чет жакта жүргөнүмдүн себептеринин бир ушунда жана кесиптик кызматтардагы айлыктын аздыгы.

- Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

- Бул суроону каржы министирине берген күнү экономика төмөн деп айтат. Бүгүн же эртең сураба жооп баари бир өзгөрбөйт. Ошондуктан чечимдер эмес кыймыл-аракет керек. Биз бийликти караңгы дейбиз . Бизди бийлик караңгы дейт. Анан аш болсун деп акыры таштап басып кетебиз ....

- Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мекениңизге салам-дубайыңызды айтсаңыз болот.

- Кыргыз элиме эң негизгиси тынчтык каалайм. Өлкөбүздө тынчтык болсо башкасы өз ордунда боло берет деп ишенем. Мындан сырткары, Ыйык Рамазан айы кут болсун демекчимин. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

 

kyrgyzkabarordo